# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001389)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 9-февралынадыгы № 42 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001389/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5273/edition/2657/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001389/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 2-берене (09.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001389/st-2

---

1. Эгерде алар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазасын өтөп жаткан жерге, камакта кармоочу же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келишсе, 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-статьясынын ("Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу") 1-бөлүгүндө, 337-статьясында ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу"), 359-статьясында ("Бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү"), 360-статьясынын ("Аскерден качуу") 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган адамдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан бошотулсун.

2. Эгерде алар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазасын өтөп жаткан жерге, камакта кармоочу же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келишсе, 2017-жылдын 2-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 349-беренесинин ("Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу") 1-бөлүгүндө, 350-беренесинде ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу"), 367-беренесинин ("Бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү") 1-бөлүгүндө, 368-беренесинин ("Дезертирдик") 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган адамдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан бошотулсун.

3. Эгерде алар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазасын өтөп жаткан жерге, камакта кармоочу же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келишсе, 2021-жылдын 28-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 368-беренесинин ("Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу") 1-бөлүгүндө, 369-беренесинде ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу"), 389-беренесинде ("Бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү"), 390-беренесинин ("Дезертирдик") 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган адамдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан бошотулсун.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001389/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001389/st-3)
