# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 352 "Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо, кайра каттоо жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 352 "Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо, кайра каттоо жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 352
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001331>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23415/edition/2580/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001331.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 352 "Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо, кайра каттоо жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтому (12.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001331

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 12-июлу № 352

Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо, кайра каттоо жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү жөнүндө

"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүн, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 542-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жыйымдардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:

1) Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо жана кайра каттоо үчүн бир жолку жыйым:

- аудиторлордон - он эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

- аудитордук уюмдардан - жыйырма эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

- ачык кызыкчылыктын субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдардан - жыйырма эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

2) Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн жыл сайын жыйым:

- аудиторлордон - жыйырма эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

- аудитордук уюмдардан - жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

- ачык кызыкчылыктын субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдардан - беш жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
