# Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 23-январы № 4 "Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 23-январы № 4 "Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001322>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23410/edition/2570/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 23-январы № 4 "Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому (23.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001322

---

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2024-жылдын 23-январы № 4

Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө. “Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин колдонууга киргизүү” жөнүндөгү 2022-жылдын 18-январындагы №4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттарынын XXXIII сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айыл аймагында 2024-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.

2. Калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициент 1,0 мүлк салыгы киргизилсин.

3. Салыктын коэффициенттерин көтөрүү маселесине тактоо жүргүзүү жана салыктар өз мөөнөтүндө жыйналышын камсыздоо жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Төрага

Мамыралиев А.
