# Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 87/XXI-28 "Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-2026-жылдарга божомолун кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 87/XXI-28 "Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-2026-жылдарга божомолун кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 87/XXII-28
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001312>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23404/edition/2562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001312.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 87/XXI-28 "Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-2026-жылдарга божомолун кароо жөнүндө" токтому (05.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001312

---

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 5-июлундагы № 87/XXI-28

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-2026-жылдарга божомолун кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 19-главасынын 89-беренесинин негизинде, Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Н.Черненконун бюджеттин долбоорлорун түзүү жөнүндө, 2024-2026-жылдар боюнча бюджетке божомол берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кочкорбаев айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кирешелер жана чыгашалар боюнча жергиликтүү бюджеттин негизги параметрлерине берилген божомол:

- 2024-жылга карата 28195,5 миң сом суммасында,

- 2025-жылга карата 30145,5 миң.сом суммасында,

- 2026-жылга карата 30924,5 миң.сом суммасында болуп жактырылсын.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кенешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Э. Токбергенов
