# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230001299)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-февралы № 37 "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 140 "О товарных биржах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001299/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230001299/edition/2547/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001299/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001299/st-1

---

"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул Мыйзам товар биржаларынын ишин жана биржа соодасын жүргүзүүнү жөнгө салат.";

2) 4-статьянын биринчи бөлүгүнүн 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 7-статьяда:

а) төртүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдөн тышкары, биржалык бүтүмдөр милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш эмес.";

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:

"Биржалык аукциондук нарк тарифтик жөнгө салынууга тийиш эмес, мында бажы органдары тарабынан наркка экспертиза жүргүзүү талап кылынбайт.";

4) 13-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:

"Товардык биржанын мүчөлөрү товардык биржанын клирингдик борбору аркылуу товарга акы төлөө боюнча акча каражаттарын кооперациялоо үчүн товар биржасында субэсептерди ачууга укуктуу.";

5) 22-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001299/st-2)
