1-берене
Күчүн жоготкон · 03.08.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 августа 2026 года № 140.
"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам товар биржаларынын ишин жана биржа соодасын жүргүзүүнү жөнгө салат.";
2) 4-статьянын биринчи бөлүгүнүн 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 7-статьяда:
а) төртүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдөн тышкары, биржалык бүтүмдөр милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш эмес.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"Биржалык аукциондук нарк тарифтик жөнгө салынууга тийиш эмес, мында бажы органдары тарабынан наркка экспертиза жүргүзүү талап кылынбайт.";
4) 13-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"Товардык биржанын мүчөлөрү товардык биржанын клирингдик борбору аркылуу товарга акы төлөө боюнча акча каражаттарын кооперациялоо үчүн товар биржасында субэсептерди ачууга укуктуу.";
5) 22-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О внесении изменений в закон Кыргызской Республики «О товарной бирже и биржевой торговле в Кыргызской Республике»Закон · 09.04.2003 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001299/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>