Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 741 „Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана башка сактагычтарды жасап чыгаруу, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 7-июлу № 341
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 741 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана башка сактагычтарды жасап чыгаруу, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мөөрлөрдү даярдоо жана пайдалануу маселелерин өркүндөтүү максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 741 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана башка сактагычтарды жасап чыгаруу, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана башка сактагычтарды жасап чыгаруу, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартибинде:
- 17-пункттун үчүнчү абзацындагы "35" деген цифралар "30-35" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 19-пункт "кара" деген сөздөн кийин ", кызыл" деген сөз менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 741 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана башка сактагычтарды жасап…Постановление · 14.11.2017 · № 741
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөЗакон · 17.07.2004 · № 91