# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001255)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001255/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5271/edition/2498/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001255/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (08.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001255/st-3

---

1. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-180, 182-200-беренелеринде каралган, анын ичинде ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ыйгарым укуктуу органдын өндүрүшүндө турган туумду кошуп эсептөө жөнүндө чечим чыгарылган укук бузуулар жөнүндө иштер ушул Мыйзамдын ченемдерин эске алуу менен, туумдарды жокко чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык каралууга жана аткарылууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-180, 182-200-беренелеринде каралган, ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин аткаруу документтерин аткаруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын өндүрүшүндө турган укук бузуулар жөнүндө иштер туумду жокко чыгаруу менен ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык аткарылууга тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-180, 182-200-беренелеринде каралган, ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин соттордун өндүрүшүндө турган укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу органдын даттанылган токтомдору, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомдоруна даттануу жөнүндө иштерди кароонун натыйжалары боюнча соттордун чечимдерине даттануу жөнүндө иштер ушул Мыйзамдын ченемдерин эске алуу менен, туумдарды жокко чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте каралууга тийиш.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001255/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001255/st-4)
