3-берене
Күчүндө · 08.02.2024 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-180, 182-200-беренелеринде каралган, анын ичинде ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ыйгарым укуктуу органдын өндүрүшүндө турган туумду кошуп эсептөө жөнүндө чечим чыгарылган укук бузуулар жөнүндө иштер ушул Мыйзамдын ченемдерин эске алуу менен, туумдарды жокко чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык каралууга жана аткарылууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-180, 182-200-беренелеринде каралган, ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин аткаруу документтерин аткаруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын өндүрүшүндө турган укук бузуулар жөнүндө иштер туумду жокко чыгаруу менен ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык аткарылууга тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-180, 182-200-беренелеринде каралган, ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин соттордун өндүрүшүндө турган укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу органдын даттанылган токтомдору, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомдоруна даттануу жөнүндө иштерди кароонун натыйжалары боюнча соттордун чечимдерине даттануу жөнүндө иштер ушул Мыйзамдын ченемдерин эске алуу менен, туумдарды жокко чыгаруу менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте каралууга тийиш.
Берененин тексти 08.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001255/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>