# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230001255)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001255/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5271/edition/2498/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001255/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (08.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001255/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 35-берене төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

"Эскертүү. Ушул Кодекстин 177-180, 182-200-беренелеринде каралган укук бузуулар боюнча салынган айып пулдун өлчөмүнүн суммасына туум кошуп эсептелбейт.";

2) 568-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"568-берене. Айып пул салуу жана туумдарды өндүрүү жөнүндө токтомду мажбурлап аткартуу

1. Туум эсептелбеген укук бузгандыгы үчүн айып пул салуу жөнүндө токтом мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу тартипте аткарылбаган учурда, ыйгарым укуктуу орган (өндүрүп алуучу) ушул Кодекстин 559-беренесинде каралган эскирүү мөөнөтү аяктаганга чейин, аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн айып пул салуу жөнүндө токтомду сот аткаруучуга жөнөтөт.

2. Укук бузгандыгы үчүн айып пулду мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу тартипте төлөбөгөн жана анын эң көп өлчөмүнө жеткен учурда, ыйгарым укуктуу орган (өндүрүп алуучу) туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом чыгарат жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн айып пул салуу жана туумдарды кошуп эсептөө жөнүндө өзүнүн токтомдорун сот аткаруучуга жөнөтөт.

Токтомдорду сот аткаруучуга жөнөтүү жөнүндө маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына (АМС) киргизилет.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001255/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001255/st-3)
