# Жайыл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-августундагы № 33 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жайыл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-августундагы № 33 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001240>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23366/edition/2476/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001240.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жайыл айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-августундагы № 33 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтому (24.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001240

---

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2023-жылдын 24-августу № 33 Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин, "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин негизинде, Жайыл айылдык кеңеши

токтом кылат:

1. Жайыл айыл аймагын жана Красный-Восток айыл аймагынын Калдык, Кара-Дөбө айылдарын жана Калининское айылынын Токтош, Сад-Верха, Верхний, Ильича участокторун бириктирүүгө макулдук берилсин.

2. Жайыл айыл аймагын жана Красный-Восток айыл аймагынын Калдык, Кара-Дөбө жана Калининское айылынын Токтош, Сад-Верха, Верхний, Ильича участокторун бириктирүүдө депутаттардын сунушу “Жайыл айыл аймагы” деген жаңы аталыш берилсин.

3. Жайыл, Алексеевка, Кара-Дөбө, Калдык айылдарынын жана Калининское айылынын Токтош, Сад-Верха, Верхний, Ильича участокторунун аталышы ошол бойдон калсын.

4. Административдик-аймактык реформадан кийин бириккен айыл өкмөтүнүн административдик борбору Алексеевка айылы болсун.

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Жайыл айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.

Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы

А.А.Мамбеткулов
