# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230001214)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-февралында № 34 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001214/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5270/edition/2445/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001214/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001214/st-1

---

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-жыл, № 7, 981-ст) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

"8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте банктык кепилдиктерди берүүчү курулуп жаткан же курулуп бүткөн объекттердин курулуш субъекттеринен (курулушчулардан) узартып төлөө менен келишимдик негизде турак жайды сатып алууда же сатып алганда, баштапкы жана кошумча төгүм катары топтолмо пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдөрдү көп жолу пайдаланууга.";

2) 19-берененин 5-бөлүгүнүн 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230001214/st-2)
