# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январы № 39 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 527 "Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматты топтоо жана алмашуу тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январы № 39 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 527 "Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматты топтоо жана алмашуу тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23338/edition/2420/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январы № 39 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 527 "Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматты топтоо жана алмашуу тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (31.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001198

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 31-январы № 39

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 527 "Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматты топтоо жана алмашуу тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 527 "Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматты топтоо жана алмашуу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматты топтоо жана алмашуу тартибинде:

- 2, 14-пункттарда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 10-пунктта:

биринчи абзацта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын; экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Маалыматты топтоо жана алмашуу ушул Тартиптин тиркемесине ылайык Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматтарды топтоо жана алмашуу схемасы боюнча жүзөгө ашырылат.";

- жогоруда аталган Тартиптин тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

Тиркеме

"Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматты топтоо жана алмашуу тартибине тиркеме

Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматтарды топтоо жана алмашуу СХЕМАСЫ
