# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 "Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 "Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 659
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230001162/edition/2403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 "Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (12.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001162

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 12-декабры № 659

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 "Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 "Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"12. Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечиминин 7-пунктунун 7.1.11-пунктчасы менен белгиленген тарифтик жеңилдиктер 2018-жылдын 26-октябрынан тартып ушул токтомдун 11-пунктунда белгиленген шарттарды сактоодо юридикалык жана жеке жактарга, инвестициялык долбоорлордун, иштин тиешелүү артыкчылыктуу түрлөрүнүн (экономика секторлору) реестрине киргизилген эркин экономикалык зоналардын субъекттерине колдонулат деп белгиленсин.";

2) жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

"8. Инвестициялык долбоорлорду реестрге киргизүү Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын коддору (коддук белгилөөнүн 10 разрядынын деңгээлинде) каралгандан жана жактырылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан жүргүзүлөт.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 15-декабрындагы № 99 (3548) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
