# Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 28/17-1 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 28/17-1 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28/17-2
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23301/edition/2359/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ананьев айылдык кеӊешинин 28 чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 28/17-1 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндө" токтому (05.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001127

---

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ысык-Көл району Ананьев Айылдык Кеӊешинин 28 чакырылышынын кезектеги 17- сессиясы

2023-жылдын 5-сентябры № 28/17-1 Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрь №494 “Жер – укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченемдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ” токтомун аткаруу максатында жана айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин максаттуу пайдалануу максатында жана Ысык-Көл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 07.08.2023ж. №01-03/323 катындагы маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Ананьево айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ананьево айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 50 пайыз менен көрсөтүлгөн жерлери Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине убактылуу келишимдин негизинде ижарага пайдаланууга берилсин.

2. Ананьево айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине берилгенден кийинки 50 пайыз жерлери айыл өкмөтүнө пайдаланууга берилсин.

3. Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьево айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

С.К.Мамагулов
