Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2023-жылдын 22-сентябры № 1140 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу» токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын сунушталган тизмеги (мындан ары - Тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтин түзүмдүк башкармалыктарынын жетекчилери Тизмекке ылайык төмөндөгүлөр боюнча туруктуу негизде иш жүргүзсүн:
- орун алган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча;
- ишмердиги коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон функциялар менен байланышкан кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу боюнча.
3. Адам ресурстары, иш-кагаздарды жүргүзүү жана укуктук колдоо башкармалыгы Министрликтин кызматкерлерин ушул буйрук менен тааныштырсын жана бул буйрукту Министрликтин расмий сайтына жайгаштырсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
5. Бул буйрук кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Министрдин орун басары
Б.К. Арыкбаева
(министр жок учурунда)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке…Постановление · 31.05.2023 · № 293