# Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 10-февралы № 31 "Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 10-февралы № 31 "Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001068>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230001068/edition/2248/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001068.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 10-февралы № 31 "Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө" токтому (10.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001068

---

ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XX сессиясы (V чакырылыш) 2022-жылдын 10-февралы № 31 Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндөгү” Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 24-декабрындагы №08-13/1494 Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндөгү” Кодексинин 74, 75 жана 76-беренелерине ылайык, Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө маселе боюнча катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 4-февралындагы отурумунун №3 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1.Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

-жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иш-аракеттер үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр үчүн - ар бир кызматкерден эсептик көрсөткүчтүн 50 пайыз өлчөмүндө; -жеке жактардан, ишкердик иш-аракеттер үчүн арналбаган турак жай курулуштарынын ээлеринен ар бир жашоочу үчүн – эсептик көрсөткүчтүн 25 пайыз өлчөмүндө; -мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн - ар бир кызматкерден эсептик көрсөткүчтүн 50 пайыз өлчөмүндө.

2.Жыйымдарды төлөөнүн, тиешелүү эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн жана администрациялоонун тартиби төмөндөгүдөй белгиленсин:

-жыйымды төлөө боюнча тиешелүү эсептешүүлөрдү берүү төлөөчүлөр тарабынан жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин; -мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн жыйымды ошондой мүлк бекитилген уюмдар, ишканалар жана мекемелер төлөшөт.

3.Ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын администрациялоо шаардык салык кызматына тапшырылсын.

4.Ош шаардык Кеӊешинин 2009-жылдын 13-февралындагы №81 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

6.Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына

(Д. Абдуллаев) жүктөлсүн.

Төрага

С.Назылбеков
