# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январы ПЖ № 12 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январы ПЖ № 12 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230001001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10530/edition/2150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230001001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январы ПЖ № 12 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (30.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230001001

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 30-январы ПЖ № 12

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыз кылуу, облустарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө жободо:

- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:

"- облустук, республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болгон мектеп окуучуларына, артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчүлөргө, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча алтын сертификаттын ээлерине жана белгиленген окуучулардын мугалимдерине билим берүү чөйрөсүндө жогоруда көрсөтүлгөн жетишкендиктери үчүн финансылык колдоо көрсөтүүгө;

- облустун масштабында юбилейлик жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө;

- республикалык жана облустук маанидеги коомдук-маданий иш-чараларга катышууга.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
