Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 39 „Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүүнүн жана дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-январы № 28 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 39 "Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүүнүн жана дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана кадрлар резервине киргизилген адамдардын кадрдык курамынын кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 39 "Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүүнүн жана дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2024-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө кадрлар резервин түзүүнү жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөө үчүн компетенттүү талапкерлердин зарыл болгон санын даярдоону камсыз кылсын жана өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 02-февралындагы № 9 (3562) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 39 № "Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүүнүн жана дайындоонун тартиби…Постановление · 25.01.2023 · № 39
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.