# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-январындагы № 28 "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-январындагы № 28 "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000986>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5264/edition/2090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000986.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-январындагы № 28 "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Мыйзамы (30.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000986

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 30-январы № 28

Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000986/st-1)

1983-жылдын 21-мартында Страсбургда кабыл алынган Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга кошулсун.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000986/st-2)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Европа Кеңешинин Башкы катчысына депонирлесин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000986/st-3)

ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2023-жылдын 20-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
