# Куршаб айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-январындагы № 64 "Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Куршаб айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-январындагы № 64 "Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000985>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23226/edition/2089/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Куршаб айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-январындагы № 64 "Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому (24.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000985

---

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 24-январы № 64 Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө Куршаб айылдык кеңешинин турак жай,өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 мыйзамдарынын редакциясына ылайык, жер багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени алдын ала карап, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХIV кезектүү сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Куршаб айыл аймагынын Шагым айылынын Абдыраев көчөсүндөгү №97-99 дареги боюнча турак жай багытындагы 0,16га К.Кожомкуловдун менчигинде турган жер тилкеси логистикалык борбор куруу багытына өзгөртүүгө жана мыйзам талаптарына ылайык курулуш курууга макулдук берилсин.

2. Керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы тийиштүү мамлекеттик башкармалыктарынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б.Э. Жумаев
