# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000980)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 25-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000980/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5261/edition/2081/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000980/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (25.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000980/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 28-берененин 2-бөлүгү "уурдоо (205-берене)," деген сөздөрдөн кийин "мал уурдоо (205-1-берененин 2, 3 жана 4-бөлүктөрү)," деген сөздөр менен толукталсын;

2) 28-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2051-берене менен толукталсын:

"2051-берене. Мал уурдоо

1. Мал уурдоо, башкача айтканда олуттуу эмес өлчөмдө бирөөнүн малын жашыруун уурдоо, -

жүз сааттан жүз сексен саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан алты айга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салууга же алты айдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Олуттуу өлчөмдө жасалган мал уурдоо, -

эки айдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Мал уурдоо:

1) ири өлчөмдө;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) турак жайдын, ишкананын, уюмдун, мекеменин короосуна же малканага, мал кармалган тосмого кирүү менен жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Мал уурдоо:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде мал деп, майда жандык, бодо мал, жылкы, эшек жана качыр, төө, чочко түшүнүлөт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000980/st-2)
