# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 27-т (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Карабалта тоо кен комбинаты" ачык акционердик коомунун кредитордук карызын төлөөнүн эсебине кабыл алынган мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 27-т (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Карабалта тоо кен комбинаты" ачык акционердик коомунун кредитордук карызын төлөөнүн эсебине кабыл алынган мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 27-р
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000964>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19072/edition/2069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000964.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 27-т (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Карабалта тоо кен комбинаты" ачык акционердик коомунун кредитордук карызын төлөөнүн эсебине кабыл алынган мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси (26.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000964

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 26-январы № 27-т

Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222, 251, 336-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун 113, 129-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Карабалта тоо кен комбинаты" ачык акционердик коомунун кредитордук карызын төлөөнүн эсебине кабыл алынган мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:

1) бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү мамлекеттин менчигине кабыл алсын;

2) "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жогоруда көрсөтүлгөн мүлктү мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен 15 жылга чейинки мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы көрсөтүлгөн мүлккө менчик укугун белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
