# Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-декабры №35 "Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-декабры №35 "Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000958>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23211/edition/2062/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-декабры №35 "Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому (12.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000958

---

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы

2022-жылдын 12-декабры №35 Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин колдонууга киргизүү” жөнүндөгү 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесинин 2–пунктунун талаптарына ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Үч-Төбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагына 2023-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин колдонууга киргизүү” жөнүндөгү №4 мыйзамынын 3-беренесинин 2–пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгы киргизилсин.

2.Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин” негизинде айыл өкмөтүнүн аймагына мүлк салыгын эсептөөнү жүргүзүү жана колдонуу жагы айыл өкмөтүнүн салык инспектору М.Шерикбаевге милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу, салык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Асантай уулу А
