# Талды- Булак айыл кеңешинин 2022-жылдын 28-октябры № 14 "Талды- Булак айыл аймагы боюнча Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 37 ст. 3 пунктунда каралган жергиликтүү салыктарды, жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизүү жана зоналдык коэффицентти кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Талды- Булак айыл кеңешинин 2022-жылдын 28-октябры № 14 "Талды- Булак айыл аймагы боюнча Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 37 ст. 3 пунктунда каралган жергиликтүү салыктарды, жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизүү жана зоналдык коэффицентти кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000927>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23199/edition/1956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000927.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талды- Булак айыл кеңешинин 2022-жылдын 28-октябры № 14 "Талды- Булак айыл аймагы боюнча Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 37 ст. 3 пунктунда каралган жергиликтүү салыктарды, жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизүү жана зоналдык коэффицентти кабыл алуу жөнүндө" токтому (28.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000927

---

ТАЛДЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 28-октябры № 14 Талды- Булак айыл аймагы боюнча Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 37 ст. 3 пунктунда каралган жергиликтүү салыктарды, жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизүү жана зоналдык коэффицентти кабыл алуу жөнүндө Талды- Булак айыл кеңеши жергиликтүү салыктарды жана зоналдык коеффициентти карап чыгып жана талкуулап төмөнкүчө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Салык Кодексинин 37 ст. 3 пунктунда каралган төмөнкү жергиликтүү салыктар 2023-жылдан баштап жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилсин:

1)Турак жай имараттары жана жайлары;

2)Турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлар;

3)Айыл чарба жерлеринен башка жер участоктору ;

4)Айыл чарба жерлери;

5)Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарба жер участогунун салыгы ;

6)Транспорт каражаттары, анын ичинде аба жана суу кемелери үчүн салыктар.

2.Талды-Булак айыл өкмөтү боюнча зоналдык коэффицент КЗ=1,2 өлчөмүндө кабыл алынсын.

3.Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

4.Бул токтом ченемдик укуктук актылардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек уулу Белекке жүктөлсүн.

Төрага К. Жоомартов
