# Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 28 "Сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 28 "Сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000922>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-23193/edition/1947/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 28 "Сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө" токтому (04.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000922

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы 2023-жылдын 4-декабры № 28 Сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2017-жылдын 28-июлу №157, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө ,Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 19-августундагы № 285 буйругу менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүнүн жана аларды тапшыруунун тартиби жөнүндө” нускамасынын талаптарына ылайык, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө 2021-жылдын 20-октябры № 123 Мыйзамынын 40-беренесинин 9-пунктуна ылайык, Ак-Татыр айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясынын жүрүшүндө Эшмурзаева Обидахандын сунушу чек ара тополоңдорунда элге кызмат кылган айыл өкмөтүнүн кызматкери Жолдошева Назгүл Абдулахатовнаны “Айылдык кеңешинин ардак грамотасы“ сыйлыгына көрсөтүү сунушун депутаттар угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы Токтом кылат:

1. Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маалымат технологиялар боюнча жетектөөчү адиси Жолдошева Назгүл Абдулахатовна Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйлансын.

2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага:

Ысаков С.Б.
