# 96-берене. Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардам көрсөтүү субъекттери

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-96>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-96.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 96-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-96

---

1. Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардам көрсөтүү субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) менчигинин формасына карабай, саламаттык сактоонун онкологиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген жана башка уюмдары;

2) оорунун акыркы стадиясындагы айыкпас оорулууларга паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн менчиктин бардык формасындагы медициналык-социалдык мекемелер. Мамлекеттик мекемелерди каржылоонун булактары болуп бюджеттик каражаттар, кайрымдуулук уюмдарынын каражаттары жана жарандардын жана уюмдардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары саналат.

2. Министрлер Кабинети бекитүүчү уставга ылайык, зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүү боюнча жана илимий-методикалык иштерди уюштуруу боюнча саламаттык сактоонун башкы уюму болуп саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору эсептелет.

---

Мурунку берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-95)  
Кийинки берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-97)
