# 95-берене. Психиатриялык/наркологиялык жардам көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына коомдук бирикмелердин контролу

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 95-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-95

---

1. Врач-психиатрлардын коомдук бирикмелери, башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн уставдарына (жоболоруна) ылайык жарандардын өтүнүчү боюнча же алардын макулдугу менен аларга психиатриялык, наркологиялык жардам көрсөтүүдө укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына контролду жүзөгө ашыра алат. Психиатриялык, наркологиялык жана социалдык стационардык мекемелерге баруу укугу бул бирикмелердин уставдарында (жоболорунда) чагылдырылууга жана карамагында психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелер турган органдар менен макулдашылууга тийиш.

2. Коомдук бирикмелердин өкүлдөрү баруунун шарттарын психиатриялык же социалдык стационардык мекеменин администрациясы менен макулдашууга, анда колдонулган эрежелер менен таанышууга, аларды аткарууга жана врачтык жашыруун сырды ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенмеге кол коюуга милдеттүү.

§ 2. Онкологиялык жардам көрсөтүү

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-96)
