# 94-берене. Психиатриялык жардам көрсөтүүнү контролдоо жана прокурордук көзөмөлдөө

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 94-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-94

---

1. Психиатриялык жардам көрсөтүүчү мекемелердин жана адамдардын ишин контролдоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкагында жүзөгө ашырат.

2. Психиатриялык жана социалдык стационардык мекемелердин ишин контролдоону саламаттык сактоонун, социалдык камсыздоонун жана билим берүүнүн республикалык органдары, ошондой эле мындай мекемелери бар министрликтер жана административдик ведомстволор жүзөгө ашырат.

3. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-95)
