# 93-берене. Психикалык-активдүү затты колдонуудан терс кесепеттердин алдын алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 93-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-93

---

1. Психикалык-активдүү затты колдонуунун зыянын азайтуу программалары төмөнкү стратегияларды камтыйт: маалыматтык-билим берүү иш-чаралары, опиоиддердин агонисттери менен дарылоо, шприцтерди алмашуу, ашыкча дозаны алдын алуу, коштогон ооруларды дарылоо, реабилитациялоо жана социалдык багыт программалары.

2. Психикалык-активдүү затты колдонуудан келип чыккан бузулуулары бар адамдарга опиоиддердин агонисттери менен терапия жүргүзүү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген клиникалык колдонмолорго жана протоколдорго ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Психикалык-активдүү затты колдонуудан келип чыккан кечиктирилгис абалдарда пайдаланылуучу дары препараттары Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жана саламаттык сактоону каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга каршы келбеген башка булактардын эсебинен акысыз камсыздалат.

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-94)
