# 89-берене. Адамды анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз психиатриялык күбөлөндүрүү жөнүндө арыз берүүнүн жана чечим кабыл алуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 241 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере здравоохранения и образования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918#diff=25915..39984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 89-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-89

---

1. Ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, адамды анын макулдугусуз же мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз психиатриялык күбөлөндүрүү жөнүндө чечим врач-психиатр тарабынан мындай күбөлөндүрүү үчүн ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 4-бөлүгүндө саналып өткөн негиздердин бар экендиги жөнүндө маалыматтарды камтыган арыз боюнча кабыл алынат.

2. Арыз психиатриялык күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон адамдын туугандары, кандай болбосун медициналык адистиктеги врач, кызмат адамдары жана башка жарандар тарабынан берилиши мүмкүн.

3. Алынган маалыматтар боюнча, адам өзүнө же айланасындагыларга түздөн-түз коркунуч жараткан кечиктирилгис учурларда арыз оозеки жүзүндө болушу мүмкүн. Психиатриялык күбөлөндүрүү жөнүндө чечим врач-психиатр тарабынан токтоосуз кабыл алынат жана медициналык документтерге жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулат.

4. Адам өзүнө же айланасындагыларга түздөн-түз коркунуч келтирбесе, психиатриялык күбөлөндүрүү жөнүндө арыз жазуу жүзүндө болууга, мындай күбөлөндүрүүнүн зарылдыгын негиздеген толук маалыматтарды жана адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн врач-психиатрга кайрылуудан баш тарткандыгына көрсөтмөнү камтууга тийиш. Врач-психиатр чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды суроого укуктуу. Эгерде арызда ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлардын бар экендигин күбөлөндүрүүчү маалыматтар жок болсо, врач-психиатр психиатриялык күбөлөндүрүүдөн жазуу жүзүндө жүйөөлүү түрдө баш тартат.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-88)  
Кийинки берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-90)
