# 88-берене. Психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жаткырылган адамдарды күбөлөндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 241 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере здравоохранения и образования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918#diff=25915..39984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 88-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-88

---

1. Ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча психиатриялык стационарга жаткырылган адам ооруканага жаткыруунун негиздүүлүгү жөнүндө чечим кабып алуучу психиатриялык мекеменин врач-психиатрларынын комиссиясы тарабынан 72 сааттын ичинде милдеттүү түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ооруканага жаткыруу негизсиз деп таанылган жана ооруканага жаткырылган адам психиатриялык стационарда калууну каалабаган учурда, ал дароо чыгарылууга тийиш.

2. Эгерде ооруканага жаткыруу негиздүү деп таанылса, анда врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусу адамдын андан ары ошол жерде калуусу жөнүндө маселени чечүү үчүн 24 сааттын ичинде психиатриялык мекеме турган жердеги сотко жиберилет.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-89)
