# 87-берене. Психиатриялык, наркологиялык стационарга алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен жайгаштырылган жашы жете электерди жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды күбөлөндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 241 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере здравоохранения и образования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918#diff=25915..39984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 87-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-87

---

1. Психиатриялык, наркологиялык стационарга алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен жайгаштырылган 18 жашка чейинки курактагы жашы жете элек жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам ушул Мыйзамдын 88-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган тартипте психиатриялык, наркологиялык мекеменин врач-психиатрларынын, наркологдорунун комиссиясы тарабынан милдеттүү түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Алгачкы алты айдын ичинде бул адамдар ооруканага жаткырууну узартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн врач-психиатрлардын, наркологдордун комиссиясы тарабынан айына бирден кем эмес жолу күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ооруканага жаткыруу алты айдан ашык узартылганда врач-психиатрлардын комиссиясы тарабынан күбөлөндүрүү алты айда бирден кем эмес жолу жүргүзүлөт.

2. Психиатриялык стационардын врач-психиатрларынын, наркологдорунун комиссиясы же администрациясы тарабынан 18 жашка чейинки курактагы жашы жете электи же болбосо белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамды ооруканага жаткырууда жол берилген кыянаттык кылуулар табылган учурда, психиатриялык стационардын администрациясы камкорчулукка алынгандын жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө бул жөнүндө кабарлайт.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-86)  
Кийинки берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-88)
