# 81-берене. Психиатриялык стационарларда болгон бейтаптардын укуктарын коргоо кызматы

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 81-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-81

---

1. Мамлекет тарабынан саламаттык сактоо органдарынан көз карандысыз болгон, психиатриялык стационарлардагы бейтаптарды коргоо кызматы түзүлөт.

2. Бул кызматтын өкүлдөрү психиатриялык стационарларда болгон бейтаптардын укуктарын коргойт, алардын даттанууларын жана арыздарын кабыл алат, аларды ошол психиатриялык мекеменин администрациясы менен чечет же алардын мүнөзүнө жараша өкүлчүлүк жана аткаруу бийлик органдарына, прокурорго же сотко жиберет.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-82)
