# 79-берене. Психиатриялык жана наркологиялык жардамга кайрылуунун ыктыярдуулугу

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 79-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-79

---

1. Психиатриялык жана наркологиялык жардам ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, адам өз ыктыяры менен кайрылганда, маалымдалган ыктыярдуу макулдугу болгондо көрсөтүлөт.

2. 18 жашка чейинки курактагы жашы жете элек адамга, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамга психиатриялык жардам алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен ушул Мыйзамда каралган тартипте көрсөтүлөт.

3. Ыктыярдуу дарылоо бейтаптын каалоосу боюнча текшерүүнүн же дарылоонун тигил же бул методдорун колдонууга анын маалымдалган макулдугу менен жашыруун негизде жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Ыктыярдуу дарыланууда болгон убакыт бейтаптын эмгек стажын үзгүлтүккө учуратпайт.

5. Дарылоо иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин бейтаптын каалоосу боюнча убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы берилет.

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-80)
