# 78-берене. Кесиптик иштин айрым түрлөрүн жана жогорку коркунучтун булагы менен байланышкан ишти аткаруудагы чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 78-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-78

---

1. Жаран психикасы бузулуунун кесепетинен кесиптик иштин айрым түрлөрүн жана жогорку коркунучтун булагы менен байланышкан иштерди аткарууга убактылуу (беш жылдан ашпаган мөөнөткө жана кийин кайра күбөлөндүрүү укугу менен) жөндөмсүз деп таанылышы мүмкүн. Мындай чечим врачтык комиссия, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан медициналык психиатриялык каршы көрсөткүчтөрдүн тизмесине ылайык жарандын психикалык саламаттыгынын абалын баалоонун негизинде кабыл алынат. Врачтык комиссиянын чечими административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

2. Кесиптик иштин айрым түрлөрүн жана жогорку коркунучтун булагы менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруу үчүн медициналык каршы көрсөткүчтөрдүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана топтолгон тажрыйбаны жана илимий жетишкендиктерди эске алуу менен, мезгил-мезгили менен (беш жылда бир жолудан кем эмес) кайра каралып турат.

---

Мурунку берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-77)  
Кийинки берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-79)
