# 77-берене. Психиатриялык/наркологиялык жардам көрсөтүүчү уюмдар, мекемелер жана адамдар

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 77-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-77

---

1. Психикалык-активдүү затты колдонуудан улам психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга алдын алуу, дарылоо, реабилитациялоо жана психологиялык социалдык жардам көрсөтүүчү субъекттер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдары;

2) кылмыш-жаза-аткаруу тутумунун медициналык-санитардык кызматтары;

3) коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар.

2. Психиатриялык, наркологиялык уюмдар жана стационардык социалдык мекемелер же жекече иштеген дарыгер-психиатрлар көрсөтүүчү психиатриялык/наркологиялык жардамдын түрлөрү уставдык документтерде же лицензияларда көрсөтүлөт; алар жөнүндө маалымат келүүчүлөргө жеткиликтүү болууга тийиш.

3. Психиатриялык жана наркологиялык жардам алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары, курамында психиатр, психолог, патронаждык кызматкер жана медицина айымы бар мультидисциплинардык командалар, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору (ҮДТ) тарабынан көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-78)
