# 73-берене. Бейтаптын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 73-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-73

---

Бейтап төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өзүнүн ден соолугун сактоого жана чыңдоого чара көрүүгө;

2) медициналык кызматкерлерге жана медициналык жардам көрсөтүүгө катышкан башка адамдарга сый мамиле жасоого;

3) медициналык жардам көрсөтүп жаткан адамга өзүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө, анын ичинде дары каражаттарын колдонууга карата каршы көрсөтмөлөр, мурда ооруган жана тукум куума оорулары жөнүндө маалымат берүүгө;

4) медициналык жазма буйруктарды аткарууга;

5) саламаттык сактоо уюумунун бейтаптар үчүн ички тартибинин эрежелерин сактоого жана саламаттык сактоо уюумунун мүлкүнө аяр мамиле жасоого.

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-74)
