# 7-берене. Саламаттык сактоо тутумунун бүтүндүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 7-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-7

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жана жеке менчик саламаттык сактоо секторлорунан турган, ооруларды алдын алуу, өз убагында табуу, дарылоо жана күчөп кетишинин өөрчүү тобокелдигин азайтуу үчүн жашоо циклинин бардык этаптарында алынуучу ден соолукту чыңдоодон тартып алдын алууга, дарылоого, реабилитациялоого жана паллиативдик жардам көрсөтүүгө чейинки комплекстүү медициналык-санитардык кызматтарды көрсөтүү үчүн багытталган комплекстүү интеграцияланган саламаттык сактоо системасы иштейт.

2. Мамлекеттик саламаттык сактоо сектору мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынан, ведомстволук медициналык, медициналык-санитардык жана коомдук саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарынан турат.

3. Жеке менчик саламаттык сактоо сектору саламаттык сактоонун жеке менчик уюмдарынан, ошондой эле жеке медициналык практика жана фармацевттик иш менен алектенген жеке жактардан турат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-8)
