# 67-берене. Психиатриялык же наркологиялык стационарларда болгон бейтаптардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 67-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-67

---

1. Бейтапка аны психиатриялык стационарга жайгаштыруунун негиздери жана максаттары, анын укуктары жана стационардагы белгиленген эрежелер ал билген тилде түшүндүрүлүүгө тийиш, бул жөнүндө медициналык документтерге жазылат.

2. Бейтаптар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) гезиттерге жана журналдарга жазылууга;

2) эгерде бейтап 18 жашка толо элек болсо, жалпы билим берүүчү мектептин же интеллектуалдык өнүгүүсү бузулган балдар үчүн атайын мектептин программасы боюнча билим алууга;

3) эгерде бейтап өндүрүштүк жумушка катышса, башка жарандар менен бирдей эмгеги үчүн анын санына жана сапатына жараша сый акы алууга.

3. Бейтаптардын саламаттыгы же коопсуздугу үчүн дарылоочу дарыгердин, бөлүм башчысынын же башкы врачтын сунуштоосу боюнча, ошондой эле башка жактардын саламаттыгынын же коопсуздугунун кызыкчылыгында бейтаптардын төмөнкү укуктары чектелиши мүмкүн:

1) кат алышууну цензурасыз жүргүзүүгө;

2) аманаттарды, бандеролдорду жана акча которууларды алууга жана жөнөтүүгө;

3) телефонду пайдаланууга;

4) келгендерди кабыл алууга;

5) биринчи кезекте зарыл болгон предметтерге ээ болууга жана сатып алууга, өз кийимин пайдаланууга.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-68)
