# 63-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (ДМЧА) укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918#diff=1939..15886>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 63-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-63

---

1. ДМЧА, анын ичинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана бала кезинен майыптыгы бар адамдар медициналык-санитардык жардам алууга, реабилитациялоого, абилитациялоого, дары-дармектер, протездер, протездик-ортопедиялык буюмдар, жүрүүчү каражаттар, өпкөнү жасалма дем алдыруу үчүн чыгымдалуучу материалдар, стома (тешик) салынган (гастростома, трахеостома, калостома) адамдар үчүн чыгымдалуучу материалдар менен жеңилдетилген шарттарда камсыз болууга, ошондой эле кесиптик даярдыктан жана кайра даярдоодон өтүүгө укуктуу.

2. Эмгекке жарамсыз ДМЧАлар Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алууга, үйүндө карап-күтүүгө, ал эми негизги жашоо-тиричиликтик керектөөлөрүн канааттандырууга жөндөмсүз болуп калган учурда - калкты социалдык жактан коргоо тутумунун мекемелеринде багууга укуктуу.

3. ДМЧАга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана алар үчүн жеңилдиктердин тизмеги саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-64)
