# 62-берене. Улгайган жарандардын укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 62-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-62

---

Улгайган жарандар үйүндө, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында, калкты социалдык жактан коргоо тутумунун мекемелеринде медициналык-санитардык жардам алууга, ошондой эле дары-дармек менен, анын ичинде Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жеңилдетилген шартта камсыз болуу укуктарына ээ. Улгайган жарандарга, анын ичинде улгайган жалгыз бой жарандарга жана жалаң пенсионерлерден турган үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык-санитардык жардам көрсөтүү аларда болгон ооруларын дарылоого жана багууга, ооруп калган жана өздөрүнүн негизги турмуштук керектөөлөрүн канааттандырууга жөндөмсүз болгон учурда алардын активдүү жашоо образын колдоого жана социалдык жактан коргоого багытталган.

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-63)
