# 58-берене. Жарандардын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 58-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-58

---

Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өзүнүн ден соолугуна, балдарынын, жакын туугандарынын жана айланасындагы адамдардын саламаттыгына кылдат мамиле жасоого, жеке жана коомдук саламаттыкты сактоо жана чыңдоо үчүн бирдей жоопкерчилик тартууга;

2) жеке жана коомдук саламаттыкка тиешелүү болгон медицина кызматкерлеринин дайындоолорун аткарууга;

3) өз ден соолугун башкаруу процессине, анын ичинде өнөкөт оорулары болгон учурда аларды башкаруу программаларына катышууга, оору жана аны дарылоо методдору, мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана өтүшүп кетүүлөр жөнүндө маалымат алууга кызыкдар болууга;

4) саламаттык сактоо субъекттеринин талабы боюнча текшерүүдөн өтүүгө жана дарыланууга, медицина персоналына жана жакын туугандарына, жубайына аларда айланасындагылар үчүн коркунуч келтирүүчү жугуштуу жана башка оорулар бар экендиги жөнүндө маалымат берүүгө;

5) алардын айланасындагы адамдардын жугуштуу ооруларды жуктуруп алуусунан сактоого, алар туруктуу жашап жаткан жайларда эпидемияга каршы жана санитардык-саламаттык чыңдоочу иш-чараларды жүргүзүүгө тоскоолдук кылбоого.

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-59)
