# 55-берене. Чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана качкындардын саламаттыгын сактоого укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230012378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918#diff=1939..15886>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 55-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-55

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга саламаттыкты сактоо укугу Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык кепилденет.

2. Чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-56)
