# 53-берене. Жарандардын саламаттык сактоого укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 53-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-53

---

1. Жарандар жынысына, расасына, жаш курагына, этностук таандыгына, тилине, майыптыгына, үй-бүлөлүк абалына, дин тутуусуна, саясий же башка көз карашына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, жашаган жерине карабастан Кыргыз Республикасында саламаттык сактоого ажыратылгыс укуктарга ээ, алар төмөнкүлөр менен камсыз кылынат:

1) айланадагы жаратылыш чөйрөсүн коргоо, жарандардын эмгегинин, тиричилигинин, эс алуусунун, тарбия жана билим алуусунун жагымдуу шарттарын түзүү, коопсуз тамак-аш азыктарын жана дары-дармек каражаттарын өндүрүү жана сатуу;

2) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алуу, ошондой эле жеке медициналык практика менен алектенген адамдардан медициналык-социалдык жардам алуу укугун ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү;

3) жарандарга республиканын бүткүл аймагында медициналык-санитардык жардам көрсөтүү;

4) өзүнүн өмүрүн жана ден соолугун коргоо укугун берүү;

5) жарандарга үй-бүлөлүк врачты, жалпы практикадагы врачты эркин тандоо, ошондой эле стационарларда дарылоочу врачты тандоо мүмкүндүгүнө укук берүү;

6) Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү көлөмдө жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмегине киргизилген дары каражаттары менен камсыздоо;

7) медициналык көрсөткүчтөр боюнча тез жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү;

8) жыныстык-курактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен алдын алуучулук медицина, гигиена, сергек жашоо образын калыптандыруу маселелери боюнча маалымат берүү;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды берүү.

2. Кыргыз Республикасынын АИВ-инфекциясын жуктуруп алган жарандары башка жарандар менен тең укукта балдарды асырап алууга жана көмөкчү репродуктивдик методдорду жана технологияларды пайдаланууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-54)
