# 51-берене. Патологоанатомиялык союуларды жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 51-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-51

---

1. Патологоанатомиялык союу врач тарабынан өлүмдүн себеби жана диагнозу жөнүндө маалыматтарды алуу максатында жүргүзүлөт.

2. Патологоанатомиялык союуну милдеттүү түрдө жүргүзүүнүн тартиби жана учурлары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Калган учурларда, зомбулук менен өлгөнүнө шек саналбаса жана өлгөн адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү арызы же болбосо өлгөн адамдын тирүү кезинде өзүнүн эрки боюнча билдирүүсү бар болгондо патологоанатомиялык союу жүргүзүлбөйт.

3. Өлүмдүн себеби жана диагнозу жөнүндө корутунду үй-бүлө мүчөлөрүнө, ал эми алар жок болсо - өлгөн адамдын жакын туугандарына же мыйзамдуу өкүлүнө, ошондой эле укук коргоо органдарына алардын талабы боюнча берилет.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-52)
