# 43-берене. Эркиндиги чектелген адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 43-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-43

---

1. Соттун өкүмү чыгарылбастан мыйзамдуу негизде эркиндиги чектелген, соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларынан сырткаркы жазасын өтөп жаткан, убактылуу камоо изоляторлоруна, жаза-аткаруу тутумунун атайын мекемелерине жайгаштырылган адамдарга медициналык-санитардык жардамды түзүлгөн келишимдердин негизинде ведомстволук медициналык-санитардык кызматтар же болбосо мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте көрсөтөт.

2. Эркиндигинен ажыратуу жайларына жүргөн, зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга онкологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана аны уюштуруу ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипке жана шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Терминалдык баскычтагы зилдеме жаңы шишиктерден жапа чеккен адамдар эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулат.

4. Мыйзамдуу негизде эркиндиги чектелген адамдарга психологиялык-психиатриялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана аны уюштуруу түзүлгөн келишимдердин негизинде ведомстволук медициналык-санитардык кызматтар, же болбосо мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Министрлер Кабинети белгилөөчү тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-44)
