# 4-берене. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 4-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-4

---

Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жарандардын өзүнүн саламаттыгын, өмүрүн жана башка адамдардын ден соолугун коргоого жана сактоого Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденүүчү ажыратылгыс укуктарын ишке ашыруу;

2) Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын аныктоо;

3) жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын ишин укуктук жөнгө салуу;

4) жарандардын, калктын айрым топторунун саламаттык сактоо жаатындагы укуктарын жана милдеттерин аныктоо жана алардын сакталышынын кепилдиктерин белгилөө;

5) медицина, фармацевттик кызматкерлердин жана алардын кесиптик бирикмелеринин кесиптик укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктоо, аларды социалдык жактан коргоонун кепилдиктерин белгилөө.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-5)
