# 39-берене. Айылдык саламаттык сактоонун деңгээлинде медициналык жардамды уюштуруунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 39-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-39

---

1. Ден соолукту чыңдоо, алдын алуу, дарылоо жана реабилитациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр айыл калкы үчүн айылдык саламаттык сактоонун бардык деңгээлдеринде жеткиликтүү болууга тийиш.

2. Алгачкы медициналык-санитардык жана адистештирилген медициналык жардамдын айылдык саламаттык сактоонун деңгээлинде жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн калкка жакын болгон үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жана фельдшердик-акушердик пункттар, медициналык тех жардам, көчмө медициналык комплекстер жана аралыктан медициналык кызматтарды көрсөтүү каражаттары колдонулат.

3. Айылдык саламаттык сактоо үчүн медициналык жардамдын көлөмдөрүн пландоодо географиялык алыстыгы, калктын жыштыгы, демографиялык көрсөткүчтөр, жыныс-курактык курамынын өзгөчөлүктөрү жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү башка критерийлер эске алынат.

4. Айыл калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлдеринде медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-40)
