# 38-берене. Мектепке чейинки жана мектептеги саламаттык сактоо тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5260/edition/1939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000918/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө, 38-берене (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-38

---

1. Мектепке чейинки жана мектептеги медицинанын иши тарбиялануучулардын жана окуучулардын ден соолугун коргоого жана алардын саламаттыгынын абалын динамикалык көзөмөлдөөгө багытталган.

2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучуларынын жана жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын саламаттыгын коргоо боюнча алдын алуу иш-чаралары коомдук саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучуларынын жана жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларына медициналык жардамды уюштуруу тейлөө аймагында мектепке чейинки билим берүү уюмдары, баштапкы, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү уюмдары жайгашкан, алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918/st-39)
